Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жол куруучу же жол кызматында иштөөчү адам. Кубангандан жолчулар, Кужулдашып калышты (Токомбаев). 2. тар. Почта жолунда иштөөчү, жолду тазалоочу, оңдоочу жана кирекечтерге жардам берүүчү адам. Жолчулардын кыштоолору ушул жерден көрүнүп турат (Элебаев).